Январда Кыргызстанга которулган каражаттын көлөмү 16.7 млн $ төмөндөгөн

13 марта 2020, 15:30

Мигранттардан которулган каражаттын көлөмү 16.7 млн $ төмөндөгөн. Бул маалыматты Кыргызстандын Улуттук банкы билдирди. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь айында мигранттар ата мекенине 148.5 млн $ которушкан. Бул 2019-жылдын январь айына салыштырмалуу 10.1% же 165.2 млн $ аз болгон. 

Андан сырткары АКШдан которулган каражаттын көлөмү 2.3 эсеге же 1.2 млн $ дагы төмөндөгөн. Декабрь айы менен салыштырганда мигранттар Кыргызстанга 1.4 эсе аз каражат которушкан. Бул көрүнүш жылдан жылга кайталанууда. 

Кошумчалай кетсек, которулган каражаттын төмөндөөсү доллар курсунун өзгөргөндүгү менен байланыштуу эмес. Себеби, акча которууда доллар эквиваленти КР Улуттук банкынын курсу менен жүргүзүлөт.