2019-жылы Ысык-Көлдөгү туристтердин 83% кыргызстандыктар болгон

18 мая 2020, 14:40

2019-жылы Ысык-Көлдөгү ички туристтердин саны 83% түзгөн. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ыйгарым укуктуу элчиси Акылбек Осмоналиев брифингде билдирди. 

Анын айтымында, кыргызстандыктардан тышкары туристтердин 14% - КМШ өлкөлөрүнүн жарандары, 2% - европа өлкөлөрүнүн жарандары жана 1% - башка өлкөлөрдүн жарандары болгон. 

«Бул жылы ички туризмди өнүктүрүүгө басым жасалат. Азыркы учурда оңдоп-түзөө жана даярдоо иштери жүргүзүлуп жатат», — деп билдирди Акылбек Осмоналиев.