Тез-татымдан уулануу дагы тез болот.Санитардык дарыгерлердин эскертүүсү

15 июля 2019, 09:02

2019-жылы 6 ай аралыгында  78 жолу мыйзам бузуу болуп, 475 миң сомго айып пул  салынган. Бул тууралуу Мамлекеттик  санитардык- эпидомологиялык  көзөмөл департаментинен билдиришти. 

Эскерте кетели, бизнес тармагына эки жылга  текшерүүгө мораторий  жарыялангандан бери Мамлекеттик санэпид кызматы тарабынан пландык тешерүүлөр жасалбай келет. Айрыкча, соода сатык, коомдук тамактануу жайлары дагы текшерүүсүз калган. 

«Күндүн ысышы менен тамактан уулануу катталып баштады. Алсак, Токмок шаарындагы  «Мегаполис» кафесиндеги массалык уулануу текшерүүгө алынган. Анда 254 адам жабыр тартып, Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар клиникасына анын 60 адамы  кайрылган. Алардын 20  адамы ооруканага жаткарылып, 40 адамга амбулатордук дарылануу жазылган», — деп билдирет санэпидем кызматы. 

Жогорудагы массалык уулануудан тышкары өлкөнүн борбору Бишкек  шаарында  23 адам тамак-аштан ууланган. Анда «Ботулизм» чалдыкканы айтылган. 

«Акыркы убакта Бишкекте тез татым азыктарынан уулануу көп катталууда (гамбургер, чисбургер, шаурма)  жеп уулангандардын саны 10 жеткен», —деп билдирди мамлекеттик көзөмөл кызматынан.