Бизнес-омбудсмендин айлыгы $20 миң — Мамытканов

14 июня 2019, 09:30

Бизнес-омбудсмендин бир айлык эмгек акысы  $20  миң болот. Бул тууралуу ММК  политолог, атайын кызматтын ардагери Максат Мамытканов өз булагына таянып билдирди. 

«Мага ишенимдүү булактардан белгилүү болгондой  бизнес-омбудсмендин бир айлык эмгек акысы  $20 мин экен», —деп билдирген ал  vb.kg. сайтына. 

Эскерте  кетели, бизнес-омбудсменди шайлоо 13-июнда болмок. Бирок, ШКУ саммитине байланыштуу  17- июнга жылдырылды. Учурда бизнес-омудсмен кызматына беш талапкер чыгууда. Эгер сиз, аларга добуш берем десеңиз, анда ( выборы бизнес-омбудсмена) бул макалага кирип, добуш бериңиз.