Дүйнөдө эң бай адамдардын саны көбөйдү

13 февраля 2020, 16:30

2019-жылы дүйнө жүзү боюнча 5 млн доллардан тарта 30 млн долларга чейин байлыгы бар адамдардын саны көбөйгөн. Бул тууралуу Wealth-X аналитикалык ишканасынын изилдөөсүнө таянып, Forbes басылмасы жазып чыкты.

«Эң бай» аныктамасына туура келген адамдардын көпчүлүк бөлүгү АКШда жашайт. Былтыркы жылы алардын АКШдагы саны дээрлик 16 пайызга көбөйгөн.

Нью - Йоркто 110 миң 170 бай адам жашары аныкталып, рейтингдин алдыңкы сабына чыккан. Экинчи орунга Токио шаары 73 845 бай жашаган инсандары менен жайгашты. Ал эми үчүнчү орунду Гонконг (64 855 бай адам жашайт) ээлеген. Ошондой эле тизмекке Лос-Анджелес, Лондон, Париж, Чикаго, Сан-Франциско, Вашингтон жана Далас кирген. Орусия өлкөсү бул рейтинге кирген эмес.

2019-жылы эң бай адамдардын санынын акивдүү өсүшү Азия менен Африкада байкалган. Латын Америка жана Кариб булуңундагы өлкөлөрүндө бакубаттуулуктун өсүшү белгиленген эмес.