Абдыгулов: баалардын өсүшү бир аз басаңдады

26 августа 2020, 16:00

«Азыркы учурда баалардын өсүшү бир аз басаңдаганын байкап жатабыз. Чектөө чараларын киргизүүдөн улам, калктын биринчи кезекте керектелүүчү товарларга болгон шашылыш сатып алуу суроо-талабына байланыштуу апрель айында байкалган инфляция көрсөткүчү жогорку чекке, 8,6 пайызга чейин жетип, инфляциянын жылдык көрсөткүчү 2020-жылдын 14-августуна карата 4,9 пайызга чейин төмөндөгөн», - деп билдирди Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

 

 Абдыгуловдун айтымында, Улуттук банк 2020-жылдын акырына карата инфляциянын орточо мааниси акча-кредит саясатынын орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчтөрүнүн алкагында 5-7% чегинде орун алат деп күтүүдө.