Абдыгулов ЕАЭБдин консультативдик кеңешинин жыйынына катышты

16 апреля 2021, 09:03

15-апрелде Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов ЕАЭБ мамлекеттеринин борбордук (улуттук) банктарынын акча-кредит саясаты боюнча консультативдик кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

[жаңылыктар 34093]

Жолугушуу видеоконференция аркылуу өткөнү белгилүү болду. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктары тарабынан COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин азайтуу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжалуулугу жөнүндө маселелер, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жалпы каржы рыногун түзүү боюнча макулдашуулардын долбоорлору талкууланды.