«Абдыш-Атага» энергетикалык суусундуктарды жарнамалаганы үчүн айып пул салынды

12 декабря 2023, 10:56

"Абдыш-Ата" ЖЧКсына энергетикалык суусундуктардын жарнамасын тараткандыгы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган кызматка Бишкектеги азык-түлүк дүкөндөрүнүн биринде Nitro энергетикалык суусундуктарынын тышкы жарнактары таратылып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

"Бул мыйзам бузуу болуп саналат. Тышкы жарнамада энергетикалык суусундуктардын жарнактары таркатылбашы керек. "Абдыш-Ата" ЖЧКсына айып салуу боюнча токтом чыгарылды", - деп билдирди Монополияга каршы орган.