Абитуриенттерди кышкы кабыл алуу 35 ЖОЖдо жүргүзүлөт

18 октября 2023, 13:10

Абитуриенттерди кышкы кабыл алуу 35 жогорку окуу жайда жүргүзүлөт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, анын тогузу мамлекеттик болсо, 26сы жеке менчик.

Кышкы кабыл алууда гранттык орундар каралбайт, студенттер бир гана келишимдик негизде окуй алышат.

Каттоо 27-октябрга чейин жүргүзүлөт, ал эми тестирлөөнүн өзү 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин болот.