Абитуриенттерди кышкы кабыл алуунун биринчи туру башталды

25 декабря 2023, 11:30

Абитуриенттерди кышкы кабыл алуунун биринчи туру башталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан 4 этап болот.

Биринчиси бүгүнтөн тарта 30-декабрга чейин уюштурулса, экинчиси 8-январда башталып, 13үнө чейин созулат. Үчүнчү тур 15-январдан 20сына дейре, акыркысы 22синде башталып, 27-январда жыйынтыкталат.

Жогорку окуу жайлардын жетекчилиги аталган мөөнөткө ылайык студенттерди кабыл алууну уюштурушу керек.