Кыргызстандык абитуриенттер окууга онлайн режиминде арыз бере алышат

4 июля 2021, 10:00

2021-жылы республиканын колледждерине абитуриенттерге документтерди кабыл алуу жана каттоо Автоматташтырылган маалымат системасын колдонуп, Интернет аркылуу жүргүзүлөт, деп билдирди Билим берүү министрлигинин басма көз кызматы. 

Сынакка катышуу үчүн арыз ээси сайтка төмөнкү документтерди электрондук түрүндө тиркөө менен арыз жазышы керек:

  • паспорт же башка инсандыгын ырастоочу документ;
  • жалпы орто билим жөнүндө күбөлүк (11-класс), негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк (9-класс) жана ага тиркеме;
  • кабыл алууда атайын укуктарды же жеңилдиктерди ырастоочу документтер (ата-энеси жок, майыптыгы бар ж.б.).

Талапкерлерди тандоо жана каттоо үч тур менен жүргүзүлөт. 1-турга каттоо 12-июлдан башталат.