«АБН» облигациялар боюнча төлөнгөн кирешени жарыялады

26 июня 2023, 10:43

“АБН” микрофинансылык компаниясы облигациялар боюнча төлөнгөн кирешесин жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Маалыматка ылайык, чегерилген кирешенин суммасы 848,7 миң сомду түздү. Каражат 53 облигация ээлеринин ортосунда бөлүштүрүлгөн.

Анын ичинен 43 адам 757,3 миң сомдук төлөмдөрдү алышкан. Калган 10 облигациянын ээлери акча ала элек.