«АБН» 1,3 млн сом дивиденддерди төлөдү

9 марта 2023, 10:11

"АБН" микрофинансылык компаниясы облигациялар боюнча киреше төлөгөнүн жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилеп кетсек, жалпысынан киреше алууга укуктуу 80 облигация ээлери бар.

Өз кезегинде облигациялар боюнча төлөнгөн кирешенин суммасы 1 миллион 348,9 миң сомду түзөт.

Ошол эле учурда кирешеси төлөнбөй калган облигациялардын саны 181, төлөнбөгөн кирешенин суммасы 7,8 миң сомду түзөт.