2700 абоненттин дебитордук карызы үчүн электр жарыгы өчүрүлөт

22 сентября 2020, 15:30

 ААК «Северэлектро» 23-24-сентябрь күндөрү дебитордук карызы бар 2700 абоненттин электр жарыгын өчүрөт. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. 

Эске сала кетсек, 9-сентябрдан 17-сентябрга чейин «Северэлектро» карызы бар жашоочулардын электр энергиясын баскыч-баскыч менен өчүргөн. Өчүрүүгө 9600 абонент кабылып, анын ичинен 8000 абонент электр жарыгына болгон карыздарын төлөгөн. 

ААК «Северэлектро» бардык абоненттерден электр энергиясына болгон төлөмдү өз убагында жүргүзүп, төлөө маданиятын сактоого чакырат.