АӨБ Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын чыңдоого 30 млн доллар бөлөт

14 сентября 2022, 11:20

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын чыңдоо жана анын жугуштуу ооруларга туруктуулугун жогорулатуу боюнча 30 миллион долларлык долбоорду жактырды. Бул тууралуу банктын сайтында айтылат.

20 миллион доллар грант жана 10 миллион доллар жеңилдетилген насыяны камтыган АӨБнын Регионалдык ден соолук коопсуздугун чыңдоо долбоору өлкөнүн лабораториялык диагностикалык потенциалын жакшыртат жана трафик көп чек ара аймактарындагы лабораториялар менен ооруканалардын ортосундагы аймактык байланышты бекемдейт.

Ошондой эле Чүй жана Ош облустарында коомдук саламаттык сактоонун алты лабораториясынан жана 11 клиникалык диагностикалык лабораториядан турган лабораториялык түйүн өнүктүрүлөт, алар модернизацияланат жана заманбап сапат жана коопсуздук стандарттарына ылайык жабдылат. Долбоордун алкагында лаборатория кызматкерлерин окутуу да каралган.