АӨБ энергетикалык долбоорлорду каржылоого ниеттенүүдө

27 февраля 2023, 14:42

Финансы министрлигинде каржы министри Алмаз Бакетаев менен Азия өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жолугушуусу өттү.

Жолугушууда 2023-2027-жылдарга өнөктөштүктүн жаңы стратегиясы, климаттын өзгөрүшүнө, энергетикага жана жеке секторго өлкөнүн стратегиялык инвестицияларын колдоо боюнча АӨБнын келечектеги планы жана АӨБ бюджеттик колдоосу талкууланды.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өлкөнүн энергетика тармагын жакшыртууга, инновацияларды киргизүүгө жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын системаларын өнүктүрүүгө басым жасалды", - деп белгиледи Финансы министрлиги.