АӨБ Кыргызстан менен мындан аркы кызматташууну талкуулады

8 июля 2021, 09:20

Азия өнүктүрүү банкынын президенти Кыргызстан менен өнөктөштүгүн дагы бир жолу ырастады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун аталган банктын президенти Масацугу Асакава менен онлайн режимдеги жолугушуусунда белгилүү болгонун Экономика министрлиги билдирди.

Масацугу Асакаванын айтымында, пандемия дагы деле болсо экономиканын калыбына келиши үчүн олуттуу тобокелчиликтерди алып келет, ошого карабастан, жаңы толкундар жана эмдөөлөрдүн кечеңдеши экономикалык өсүшкө таасирин тийгизиши мүмкүн.

"АӨБ мындан ары дагы Кыргыз Республикасын, айрыкча туруктуу өсүү, инклюзивдүүлүк жана аймактык кызматташуу боюнча колдоону улантууга ниеттенүүдө. Ошондой эле, биз энергетика, транспорт жана социалдык коргоо тармактарындагы реформаларды колдоого даярбыз”, - деди АӨБ президенти.

Учурда АӨБ 2023-2027-жылдарга карата өлкөнүн өнөктөштүк стратегиясын даярдап жаткандыгын кошумчалады, ал өлкөнүн орто мөөнөттүү улуттук стратегиясы менен макулдашылат.