АӨБ Казакстандын аялдарына ипотека үчүн 100 млн $ берет

19 ноября 2019, 10:15

Азия өнүктүрүү банкы Казакстанга жеңилдетилген ипотека үчүн 100 млн $ берүүсү мүмкүн. Бул насыяны жылына 12 пайыз менен бир гана аялдар ала алышат. Бул тууралуу «Курсив» экономика министрлигине таянып, жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 3 миңге жакын аялдар бул мүмкүнчүлүк менен колдоно алышат.

 «Аялдар үчүн ипотека берүүгө кызыктуу долбоор иштелип жатат. Жылына 12% менен, жеңилдетилген насыя алса болот. Гендердик бюджеттештирүү, бүгүнкү күндө абдан актуалдуу суроолордун бири. Бул долбоордун мындан аркы өнүгүшүнө салым кошобуз», – деп билдирди  министр Руслан Даленов.