АӨБ Евро 5/6 унааларын сатып алууну сунуштайт

11 апреля 2023, 15:36

Азия өнүктүрүү банкы бензолдун, ароматтык углеводороддун жана олефиндин азыраак болушун талап кылган Евро 5/6 үлгүсүндөгү автоунааларды сатып алуучуларга экономикалык жеңилдиктерди сунуштоодо.

АӨБ өкүлдөрү белгилегендей, автоунааларды сатып алуу же ижарага алуу үчүн жеңилдиктерди берүү жарандарды стимулдаштырат, ошондой эле, тиешелүү түрдө дем алуу органдарынын ооруларынын, транспорттук булганычтардын санын азайтат.

Долбоордун баасы 25-50 миллион долларды түзөт, аны 24-60 айда ишке ашырууга болот.