АӨБ Тажикстанга 120 млн доллар грант бөлөт

6 января 2020, 14:45

Азия өнүктүрүү банкы Тажикстанга эки долбоорду ишке ашырууга 120 млн доллар  каражатты кайтарымсыз берет. Бул тууралуу Asia-Plus порталы билдирди. 

«10 млн доллар өлчөмүндөгү гранттык долбоор туризм багытына», —  деп жазылат маалыматта. 

Дагы 110 млн доллар Обигарм — Нуробод автожолунун 30 чакырымын курууга, дагы 30 чакырым өлкөнүн түндүк-чыгышын бириктире турган аймактын жолдорун салууга жумшалат.