АӨБ Кыргызстанга электробустарды сатып алууга 51 млн доллар бөлөт

1 декабря 2021, 13:38

Бишкекке электр кубаты менен жүргөн 120 автобус сатып алынат. Азия өнүктүрүү банкы ордо калаанын транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга жардам берүү үчүн 50 миллион доллардан ашык каражат бөлөт.

Банктан кабарлашкандай, долбоордун алкагында эскирген дизелдик автобустар жана троллейбустар алмаштырылат. Ошондой эле, эки троллейбус автобазасы модернизациядан өтөт. Электробустар майыптар, улгайган жүргүнчүлөр жана балалуу аялдар үчүн жеткиликтүү болот.