АӨБ Нарын шаарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн 27 млн $ бөлөт

11 ноября 2019, 16:35

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын тоолуу аймактарында жашаган 64 миң адамды суу менен камсыз кылуу жана санитария кызматтарын көрсөтүү үчүн 27.4 млн долларлык долбоорду кабыл алды. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын официалдуу сайтында маалымдалат. 

Программа 2026-жылга чейин тазалык кызматын 10%дан 70%га чейин, таза суу менен камсыз кылууну 40%дан 90%га чейин өстүрүүгө багытталат. 

 Бөлүнгөн каражаттын ичинен 13.7 млн доллары карызга жана 13.7 млн доллары грант түрүндө берилип жатат.