АӨБ Кыргызстанга 50 млн. $ грант бөлөт

17 сентября 2019, 11:35

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын өкмөтүнө соода жана инвестиция атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу үчүн 50 млн. $ грант бөлүү чечимин чыгарды. 

Бул каражат экономикалык диверсификациалоо программасын ишке ашырууга жумшалат.

Жүргүзүлгөн бул реформа Кыргызстан экономикалык өсүштө  өзүнүн потенциалын колдонууга чоң жардамын тийгизет деп ишендирет АӨБ. 

Экономикалык диверсификациалоо  программасы 2018-2040 ж. өлкөнүн Улуттук өнүгүү стратегиясын колдойт.
 

Көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан  ар бир жылда АӨБ көрсөткүчүнд Кыргызстан өзүнүн саясатын жана мекемелердин сапатын жогорулатуу жаатында кыйла ийгиликтерге жетише алды” – деп билдирет КР АӨБ туруктуу өкүлчүлүктүн директору Кэндис МакДейган.