АӨБ Кыргызстанга 50 млн$ грант бөлөт

25 октября 2019, 10:45

24 – октябрда ЖК депутаттары Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкы ортосундагы экономиканы өнүктүрүү программасын колдошту. 

Баяндамачы, экономика министрлигинин орун басары Дастан Кадыров белгилегендей, бул программа Кыргызстандын туруктуу экономикалык өсүүсүн колдоого багытталган. 

«Программа төрт башкы саясий бөлүктөн турат: соода жана инвестиция атаандаштыгы, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, багытка жараша жөндөмдүүлүктөрдү өнүктүрүү», — деп айтты Дастан Кадыров. 

Программаны ишке ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкы 50 млн$ грант бөлөт.