Абылгазиев: 2019-жылы энергетика тармагына 103 млрд сом жумшалган

25 января 2020, 09:00

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, 24-январь күнү Коопсуздук Кеңештин жүрүшүндө энергетика тармагындагы маселелрге токтолду. 

Анын айтымында, энергетика тармагында түшүнүксүз механизмдердин көп экендиги жана 2020-жылы аткарыла элек механизмдерди ишке ашыруу керек экендигин билдирди. 

«Бүгүнкү күндө энергетика тармагына, алынган насыялардын ичнен  103 млрд сом жумшалган. Биз бул насыяларды жабышыбыз керек. Бул үчүн кошумча кирешелерди көбөйтүшүбүз керек», -  деп билдирди премьер-министр.