Абылгазиев: Биздин аэропорттор менчиктештирилбейт

5 февраля 2020, 17:10

Кыргызстандын аэропорттору менчиктештирилбейт, алар тышкы башкарууга берилет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн сайтында айтылат. 

Өкмөт башчы учурда аэропорттордун мындан ары өнүгүүсүнүн моделинин үстүндө иштеп жаткан Эл аралык финансы корпорациясы 2019-жылы тандалганын белгиледи. Бул иштер кайтарымсыз шартта эксперттер тарабынан жүзөгө ашырылып жатат. 

«Аэропорттордун өнүгүү моделинде инвестициянын көлөмү, салык сындуу параметрлер көрсөтүлөт. Бул модель Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет, андан кийин, тышка башкарууга бериле турган компания тандалат. Муну менен аэропорттор менчиктештирилбейт. Бул эл аралык тажрыйба», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.