Абылгазиев аялдарды бизнестеги пинерлер деп атады

8 июля 2019, 12:26

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аялдарды өлкөдөгү социалдык экономикалык  бизнестеги пионерлер деп атады. Аял ишкерлер «Дордой» менен «Кара-Суу» базарлары ачылып, «Кыргызстанда жасалган» деген бренди жасашты деп билдирди. 

«Аял ишкерлер «Дордой» менен «Кара-Суу» базарлары ачылып, «Кыргызстанда жасалган» деген бренди жасашты, – деп билдирди  «Кыргызстандагы аялдар ишкерлиги: Жаңы импульс» деген конференцияда билдирди.

Учурда аймактарда аял ишкерлер активдүү  социалдык-экономикалык жашоого активдүү  катышып, салым кошууда. 

«Аял ишкерлерди колдоо керек. Анткени, алар үйдүн очогу», –деп билдирди Абылгазиев.