Абылгазиев: ЕАЭБ боюнча түзүлгөн келишимдердин сакталышын талап кылабыз

5 апреля 2019, 12:41

«Биз Евроазиялык экономикалык биримдиктин алганыда түзүлгөн келишимдерди аткарылышын талап кылабыз» — деп билдирди Кыргызстандын  премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүк жыйында.

«Мен Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен үч жолу сүйлөштүм. Кыргыз делегациясы Казахстанда сүйлөшү жүргузүп, анын жыйынтыгын жакында көрөбүз. Биз келишимдердин аткарылышын талап кылабыз. Өкмөт аракетсиз олтурат дегендерге айтаарым, айрым экономикалык маселерди чуу көтөрбөй, ойлонуп туруп чечүүго туура келет» — деп билдирди ал.