Премьер-министр мугалимдердин айлыгын көтөрүү боюнча чечимге кол койду

30 сентября 2019, 11:42

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин айлык акысын жогорулатуу боюнча өкмөттүн чечимине кол койду. 

Кабыл алынган чечимге ылайык, мугалимдердин эмгек акысы 30% көбөйөт. 
 

«Агартуучулардын айлык акысын көбөйтүү үчүн каражат таптык. Жылдын аягына чейин көтөрүлгөн эмгек акыга 1.7 млрд. сом керектелет, ал эми кийинки жылга 7 млрд. сом талап кылынат. Билим берүү жаатында эмгектенген 120 миң кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү үчүн өкмөт болгон иш-аракеттерди жумшады. Мамлекет жарандардын ден-соолугу жана билими үчүн өзгөчө көңул бурат жана бул тармактын кызматкерлерин каржылоону уланта берет», - деп билдирди премьер-министр М. Абылгазиев.

Өкмөт башчы  мамлекеттик органдын жетекчилерине, убада берилген тапшырмалар так жана туура аткарылуусун көзөмөлгө алысуун тапшырды.