Абылгазиев Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат

24 октября 2019, 15:10

КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Москвага барды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. 

Иш сапарда өкмөт башчы кезектеги Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин  жана 25-октябрда өтө туруучу көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышат. 

Жыйында күн тартибиндеги 15 маселе каралат. Ал эми КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда 19 маселе каралат.  Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.