Абылгазиев: Биздин экономикага 5 млрд сом зыян келди

13 апреля 2020, 09:58

Бюджетке келтирилген зыяндын көлөмү 5 млрд сомдон ашты. Анын ичинен салыктан - 1.5 млрд сом, бажы кирешесинен - 3.8 млрд сом бюджетке түшпөй калды. Бул тууралуу Республикалык штабдын кезектеги жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. 

Өкмөт башчынын айтымында, өз убагында жүргүзүлгөн алдын-алуу иш-чаралардын натыйжасында соода түйүндөрүндө товарлар учурда жетиштүү. 

«Кырдаалдан пайда табууну көздөп, социалдык маанилүү азыктардын бааларын көтөргөн жактарга карата өз убагында чара көрдүк. Мен компетенттүү органдардын жана жергиликтүү бийликтин ыкчам ишин белгилеп кетүүгө тийишмин», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.