Адал эт паркын курууга жалпысынан 54,4 млн доллар жумшалат

10 ноября 2023, 11:45

Кыргызстанда Халал эт паркын курууга 54 млн 464 миң 543 сом жумшоо пландалууда. Долбоорду курууга жана ишке ашырууга Ислам өнүктүрүү банкы  инвестор болот. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинде Халал эт паркын куруу боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин тааныштырууда айтылды.

Маалыматка ылайык, мамлекет долбоорду ишке ашырууда инвесторго кепилдик берет. Керектүү мыйзамдарды жана жоболорду кабыл алат жана салык жеңилдиктерин берет. Ал эми банктар мал чарбачылык боюнча  дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды берет. 

Ошондой эле, Кыргызстанда адал этти кайра иштетүү паркы 20 жыл ичинде өлкөнүн бюджетине 34 млн доллардан ашык каражат алып келет.

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 150дөн ашык жумушчу орундары түзүлөт, ошондой эле курулуш иштеринин жүрүшүндө кыйыр түрдө 200гө жакын жумуш орундары түзүлөт. 

“Долбоордун ички кирешелүүлүгү (IRR) 17,7% түзөт. Бул инвестициянын кайтарымдуулугун өлчөө үчүн колдонулган көрсөткүч”, - деп айтылат маалыматта.