Адал эт паркын курууга 430 миң $ бөлүнөт

5 сентября 2019, 15:12

Бүгүн ЖКда 2019 – ж 6 - апрелинде кол коюлган “КР менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясы менен макулдашылган, адал эт паркын ачуу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздеме”  Мыйзам долбоору каралды. 

Экономика министри Санжар Муканбетов, аталган долбоорго 380 миң $ грант бөлүнүп жатканын (280 миң$, - Ислам өнүктүрүү банк, 100 миң $ - Ислам Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясы) кошумча КР 50 миң $ каржылоосун айткан. 

Мындай проект КР биринчи жолу ишке ашып жатат.