Президенттик администрация аппараттын эмгек акысына 63,7 млн сом коротту

13 сентября 2022, 12:13

Август айында Кыргызстандын президентинин иш башкармалыгынын чыгашасы 81 миллион 288,1 миң сомду түздү. Мындай маалыматтар республикалык бюджеттин кассалык аткарылышы жөнүндө отчетто келтирилген.

Бул сумманын көбү же 63 миллион 691,1 миң сому мамлекет башчынын аппаратынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө кеткен. Ошондой эле, Соцфондго чегерүү жана командировка, 6 млн сом жана 9 млн 266 миң сом администрациянын чыгашаларынын ири статьялары болуп калды.

Кошумчалай кетсек, жаңыланган кассалык план боюнча администрациянын август айында чыгашасы 66 миллион 576,3 миң сомду түзүшү керек болчу. Ошентип, аппараттын чыгымдалышы пландан 22,09 процентке ашык орундалды.