«Манас» аэродромунун жарактуулук сертификаты узартылды

15 декабря 2022, 09:11

"Манас" аэродромунун жарактуулук сертификаты узартылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин жана “Манас” эл аралык аэропорту ААКнын өкүлдөрү жумушчу жыйын өткөрүштү.

Жыйында “Манас” аэропортунун аэродромун сертификациялоонун алкагында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы кеңири талкууланды. 

“Мамлекеттик авиациялык администрациянын өкүлдөрү “Манас” ААК кызматкерлерине “Манас” аэродромунун 1 жылдык мөөнөткө жарактуулугун тастыктаган сертификатты тапшырышты. Тараптар “Манас” эл аралык аэропорту тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган ишти мындан ары да активдештирүү боюнча макулдашышты”,- деп белгиледи аэропорттун басма сөз кызматы.