«Аэрофлот» 16-июнда Тамчыга каттамдарды ачат

2 июня 2022, 14:51

Орусиянын "Аэрофлот" авиакомпаниясы Москва-Тамчы багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ачат. Бул тууралуу авиакомпаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл аэропорту алгачкы жүргүнчүлөрдү 16-июнда тосуп алат. Мындан ары аба каттамдары жумасына эки жолу - бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.

Каттамдарды Airbus A320 тейлейт.