Баткен аба майданын бир күрөк жана кетмени бар фирма оңдоп жатат

6 октября 2022, 15:45

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта Баткен аба майданына кол салуу болгон. Азыркы учурда оңдоо иштери жүрүп жатат. Аба майданда бир күрөгү жана кетмени бар фирма иштеп жатат. Бул тууралуу парламент жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

Депутат фирмалардын оңдоо иштерине ким уруксат берип жатканына кызыкты.  

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Тимур Аскаров Баткен окуясы болгон учурда аба майдан жабык болгондугун айтты.

“Ал жерде 1-августтан бери учуу-конуу тилкесин капиталдык оңдоодон өткөрүштү. Ошондой эле токтотуучу жайларды бир бирдикке көбөйтүү пландалууда. Бул иштерди уюштурууга тартуу боюнча бардык жол-жоболорду “Манас” аба майданы жүргүзөт”, - деди Аскаров.