«Шереметьево» аэропорту жеке менчик колго өтүшү мүмкүн

17 февраля 2020, 11:15

Россиялык ири «Шереметьево» аэропорту толугу менен жеке менчикке өтүшү мүмкүн. Келишимдин алдын - аала баасы 50-70 млрд рублду түзүп жатат. Бул тууралуу «Ведомости» порталы, өздүк булактарына таянуу менен билдирди. 

Учурда акциянын 61% Россия мамлекетине таандык, ал эми 30.4% кипрдик TPS Avia Holding компаниясы ээлейт. Аталган компания Аркадий Ротенберг , Александр Пономаренко, Александр Скоробогатко аттуу ишкерлерге таандык. 

2015-жылга чейин аэропорт мамлекеттин карамагында болуп келген. 2019-жылы жүргүнчүлөрдүн саны 50 млн жеткен.