«Баткен» жана «Жалал-Абад» аэропорттору оңдоо иштерине жабылат

28 июля 2022, 10:39

Баткен жана Жалал-Абад шаарларындагы аэропорттор 1-августтан баштап оңдоо-калыбына келтирүү иштерине жабылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, аталган аэропорттор ишке киргизилгенден бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

“Аэродромдун каптоо мөөнөтүн узартуу жана аэродромдо учуу коопсуздугун камсыз кылуу максатында аларды капиталдык оңдоодон өткөрүү зарыл. Аэродромдордун азыркы кездеги асфальт-бетон төшөлүшү өзүнө бөлүнгөн ресурсту толугу менен түгөттү. Асфальт-бетон төшөлмөнүн стандарттык иштөө мөөнөтү 8-10 жылды түзөт”, - деп билдиришти ишканадан.

Оңдоо иштерин 2022-жылдын 1-ноябрында бүтүрүү пландалууда.