Атазов Бишкек жана Ош аэропорттору боюнча маселе көтөрдү

29 сентября 2022, 10:43

Парламенттин 29-сентябрдагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов «Менин маалыматым боюнча, Бишкек менен Оштогу аэропортторду кайрадан ижарага берүүнү каалап жатышат», — деген пикирин айтты.

Анын айтымында, буга чейин бул маселени министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров токтоткон болсо, азыр кайрадан бул туурасында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Атазов, ошондой эле, Жапаров Баткен облусуна барып көйгөйлөрдү чечсе болмок. Бирок, аэропорттордогу кырдаалга байланыштуу буга убактысы жок окшойт деген оюн билдирди.

 «Аэропортторду эмне кылабыз? Беребизби же ушул менен токтойбузбу?» – деди ал.