Афганистандык кыргыздарга 5 млн. сомго гуманитардык жардам көрсөтүлдү

18 октября 2019, 10:55

Кыргыз Өкмөтү Кичи жана Чоң Памирде жашап жаткан этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам корсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. 

Гуманитардык экспедиция памирлик кыргыздарга тамак-аш, жылуу кийим, жылытуучу жабдууларды, дары-дармек жана медициналык буюмдар жана башка керектүү 5 млн. сомго 70 тонна товарларды жеткирип барышты. 

Андан сырткары, медицина кызматкерлери элди медициналык кароодон өткөрүп, төрөт кабыл алып жана катуу ооруп жаткандарга шашылыш жардамдарды көрсөтүштү. гуманитардык экспедициянын мүчөлөрү Кыргызстандын аймагынан балдарына билим берүү маселесин талкуулашты.