Канаттууларды өстүрүү үчүн 25 млн сомго жабдуулар сатып алынат

18 марта 2024, 10:57

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги Канаттууларды өстүрүү борборуна товарларды жана жабдууларды сатып алууга тендер жарыялады. 
Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.

Тендердин жалпы суммасы 24 млн 98 миң сомду түзөт.

Бул акчага 15,5 млн сомго 50 миң баштык автоматтык тооккана, ошондой эле 185 миң тоок жумурткасына автоматтык инкубатор алуу пландалууда.