Улуттук инвестиция агенттиги инвесторлордун укуктарын коргойт

26 октября 2022, 12:17

Кыргызстандын мамлекеттик органдардын аракеттерине жана аракетсиздигине инвесторлордун даттанууларын кароо механизми киргизилүүдө. Бул тууралуу президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Ар бир инвестор өзүнүн укуктарын коргоо үчүн Улуттук инвестициялык агенттикке кайрыла ала тургандыгы, ал жерде анын даттануусу инвесторлордун даттанууларынын реестрине киргизилип, кылдат каралып, өлкөнүн мамлекеттик жана муниципалдык органдары менен болгон маселелерди чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүлө тургандыгы такталды. Мындан тышкары, Улуттук инвестиция агенттиги туруктуу негизде инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтөт. 

“Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргызстандын мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынды. Ага ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун жол-жоболору бир топ жөнөкөйлөштүрүлдү жана жеке өнөктөштөр үчүн кепилдиктер киргизилди.

Бул чаралар өлкөнүн тышкы жана ички инвесторлор менен бизнес жүргүзүү шарттарын улантуу жана жакшыртуу ниетин тастыктайт.