«Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбооруна 10,3 млрд сом бөлүндү

2 июня 2023, 10:34

Ушул жылы “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” долбооруна 17 млрд. сом бөлүү каралып, учурда долбоорго 10,3 млрд. сом которулду. Бул тууралуу Каржы министрилигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, долбоордун негизинде “Айыл Банк” ААКга 11,1 млрд. сом жана “РСК Банк” ААКга 5,9 млрд. сом бөлүү пландалууда. 

“Долбоорду аткаруунун алкагында учурда “Айыл Банк” ААКга жана “РСК Банк” ААКга 10,3 млрд сом которулду”, -деп айтылат маалыматта. 

Ал эми 25-майга карата 3 273 (3 543,4 млн. сом) жеңилдетилген кредиттер берилди.