Айбек Сарыгул: Соода-өнөр жай палатасындагы соңку жайгдайды сот менен чечебиз

21 декабря 2020, 14:45

Соода-өнөр жай палатасынын президентин шайлоодо эреже бузулгандыктан ишкерлер жакынкы күндөрү сотко кайрылат. Бул тууралуу палатанын мүчөсү Айбек Сарыгул мекеменин айланасындагы жагдайлар тууралуу «Акчабарга» маек берип жатып билдирди. Маалым болгондой, учурда соттук процесске даярдыктар жүрүүдө.

 

 

18-декабрда Соода-өнөр жай палатасынын курултайы өтүп, 10 жылдан бери мекемени жетектеп жүргөн Марат Шаршекеев кайрадан башчылыкка шайланган. Айрым ишкерлер жыйын мыйзамсыз өткөнүн билдирип чыккан.