Экс-вице-премьер Аида Исмаилова Финполго суракка чакырылды

26 января 2021, 11:45

Экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова Финансы полициясына суракка чакырылды.

 

 

Эскерте кетсек, буга чейин Финполдун төрагасы Сыймык Жапыкеев Исмаилова пандемияга даярдык боюнча ишине суракка чакырыларын билдирген.

Козголгон иштин алкагында мурдагы премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кубатбек Боронов, экс-вице-премьер-министрлер Алтынай Өмүрбекова жана Аида Исмаилова, экс-саламаттык сактоо министрлер Космосбек Чолпонбаев жана Абдикарим Сабиржанов, ошондой эле экс-финансы министри Бактыгүл Жеенбаеванын жоопкерчилиги каралууда.