Айдоочулук күбөлүктү алгандардын саны 31% көп болгон

19 октября 2020, 11:14

2020-жылдын тогуз ай ичинде улуттук үлгүдөгү 136 миң 997 айдоочулук күбөлүк берилген. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 31.6% же 93 миң 648 көп. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан маалымдашты. 

Маалыматка ылайык, бул жылы эл аралык үлгүдөгү 784 айдоочулук күбөлүк берилген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 784кө көп. 

Андан сырткары, отчеттук мезгил аралыгында дээрлик 280 миң мамлекеттик номерлер тапшырылган. 2019-жылдын тогуз айында 373.7 миң номер, транспорттук каражаттардын катталгандыгы жөнүндө 170 миң күбөлүк берилген.