iPhone 12 телефондун баасы канча болот?

12 октября 2020, 14:00

Европада iPhone 12 мини телефонунун баштапкы баасы 810 евро, базалык iPhone 12 860 еврону түзүүдө. Pro версиясынын баасы - 1 миң 160 евро, Pro Max —  миң 260 евро менен сатылып жатат. Бул маалыматты LetsGoDigital порталы билдирди. 

 

Басылмадан билдиришкендей бардык жаңы смартфондор A14 Bionic өтө тез ылдамдыктагы чип жана жаңы дизайн, 5G, жакшыртылган камера менен жабдылган. 

Жаңы смартфондордун көргөзмөсү эртең, 13-октябрда болот. Жакынкы аралыкта сатыкка келип түшөт.