Бишкек — Джидда багыты боюнча биринчи чартердик каттам ачылат

2 февраля 2022, 11:32

Ушул жылдын 6-февралында “Эйр Манас” ата мекендик авиакомпаниясы “Бишкек-Жидда” багыты боюнча биринчи чартердик каттамды аткарууну пландаштырууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

2014-жылы кол коюлган Кыргызстан жана Сауд Арабиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы аба байланышы жөнүндө макулдашуунун негизинде мүмкүн болгон

"Каттам жумасына бир жолу (жекшемби күндөрү) аткарылат, андан ары каттамдардын санын жумасына 4-кө чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү менен. Ош жана Жидда шаарларындагы аэропорттордун каттоо системаларын интеграциялоо иштери аяктагандан кийин "Эйр Манас" авиакомпаниясы “Ош-Жидда” багыты боюнча да аба каттамдарын ачууну пландоодо",- деп айтылат ТИМдин маалыматтында.