COVİD-19: уруксат берилген обьектилердин иштөө тартиби

7 мая 2020, 14:45

Саламаттык сактоо министрлиги өзгөчө абалдын айрым чектөөлөрү алынгандан кийин ишин кайрадан баштай турган айрым тармактарга коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылуусуна бөгөт коюу чаралары боюнча нускамаларды таратты.

«Аталган нускамалар КР Саламаттык сактоо министрлигинин эксперттик кеңеши тарабынан бекитилген. Аларда жазылган эрежелер милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш жана айрымдары кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ», - деп айтылат маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлиги талап кылынган алдын алуу жана коопсуздук чараларын так сактоого чакырат.